Nokia 1616 - Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат

background image

Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат
Сиздин аппаратыңыз кайрадан заряддоого болгон

батареядан иштейт. Бул аппарат менен иштетүүгө

бекитилген батарея төмөнкүлөрдөн BL-5CB болот. Nokia

бул аппаратка ылайыкталган батарейканын дагы

кошумча модельдерин чыгарышы мүмкүн. Бул аппарат

төмөнкү заряддоо түзүлүштөрдөн зарядын

толуктандырып иштетүүгө бекитилген: AC-3.

Заряддагыч модельдин так номери сайгычтын түрүнө

карата өзгөрүлүп бериши мүмкүн. Штепсельдин түрү

төмөнкүлөрдүн бири менен аныкталат: E, EB, X, AR, U,

A, C, K же UB.

Батарея жүздөгөн жолу кайра заряддалышы мүмкүн,

бирок акыры анын иштөө ресурсу түгөнөт. Эгер күтүү

жана сүйлөшүү режимдеринин убактысы демейдегиден

байкаларлык кыскарган учурда батареяны

алмаштырыңыз. Nokia тарабынан жол берилген

батареяларды пайдаланыңыз жана батареяны Nokia

Жалпы маалымат

11

background image

тарабынан жол берилген, ушул аппарат үчүн атайын

чыгарылган түзүлүштөр менен гана заряддаңыз.

Эгер алмаштырылып жаткан батарея биринчи жолу

иштетилип жаткан болсо же узак убакыт бою

иштетилбеген болсо, заряддону баштоо үчүн

заряддагыч түзүлүштү кошуу, кайра ажыратуу жана

кайрадан кошуу керек болушу мүмкүн. Эгерде

батареянын заряды толук түгөнгөн болсо, заряддалуу

деңгээлинин көрсөткүчү экранда пайда болгонго чейин

же чакырууларды жасоого мүмкүн болгонго чейин бир

нече минут талап кылынышы мүмкүн.

Коопсуз алып чыгуу. Батарейканы алуудан мурда

дайыма заряддоо бөлүкчөдөн ажыратып, аппаратты

өчүрүү керек.

Туура заряддо жолу. Заряддагыч түзүлүштү

колдонулбаган убакта электр розеткадан жана

аппараттан ажыратып коюңуз. Толугу менен

заряддалган батареяны заряддагыч түзүлүшкө

кошулган боюнча таштап койбоңуз, анткени ашыкча

заряддоо батареянын колдонуу убактысынын кыскартып

ийет. Колдонулбаса деле толук заряддалган батарея

убакыттын өтүшү менен зарядын жоготот.

Ашыкча суук же ысыктан абайлаңыз. Батареяны дайыма

15°C жана 25°C (59°F жана 77°F) аралыгындагы

температурада сактаганга аракет кылыңыз. Адаттан

тыш температуралар батареянын батыруу көлөмүн жана

колдонуу убактысын кыскартат. Ысыган же муздаган

батареясы бар аппарат батарея толук заряддалганына

карабастан убактылуу иштебөөсү мүмкүн. Батареянын

иштөө мөөнөтү тоңуу температурасынан бир топ төмөн

температурада өзгөчө кыскарат.

Кыска туташууну болтурбаңыз. Кокустан кыска

туташуулар монета, кагаз бекиткич, калемсап сыяктуу

металл буюмдар батареянын оң (+) жана терс (-)

терминалдарына тийип, түз туташууга себеп болгондо

болушу мүмкүн. (Терминалдар батареяда металл

сызыктар түрүндө болот.) Мындай кокустуктар сиз,

мисал үчүн, батареяны өз чөнтөгүңүздө бош алып

жүргөндө чыгышы мүмкүн. Терминалдардын кыска

туташуусу батареяга же тийген буюмга зыян кылышы

мүмкүн.

Жок кылуу Батареяны отко жакын кармабаңыз, анткени

ал жарылуусу мүмкүн. Батареяны жергиликтүү

эрежелерди сактап жок кылыңыз. Мүмкүн болсо

иштетүүгө берүүңүздү суранабыз. Кадимки үй чарба

таштандысы катары таштабаңыз.

Суу агышы. Батареяны же анын уюкчаларын тышын

сыйрып, кесип, ачып, жанчып, бүгүп, тешип же өз өзүнчө

бөлбөңүз. Батарейканын суусу агып калса, ал суюктук

көзүңүзгө же териңизге түшпөгүдөй болсун. Андай

кокустук орун алса, жаба тарткан жерлерди дароо аккан

сууга тосуп жууңуз, же болбосо медикалык жардамга

кайрылыңыз.

Бузуулар. Батарейканы кайрадан жасоого, ичине бөтөн

объекттерди киргизүүгө аракет кылбаңыз, сууга же

башка суюктук ичине салып же аларга тийгизбеңиз.

Батареяга зыян келтирилген учурда дагы ал жарылуусу

мүмкүн.

Туура пайдалануу. Батареяны көрсөтүлгөн максат менен

гана колдонуңуз. Батареяны туура эмес колдонуу от

чыгуу, жарылуу жана башка коркунучту алып келиши

мүмкүн. Эгер аспабыңыз же батарейкаңыз жерге,

айрыкча катуу тегиздикке түшүрүп алсаңыз жана

батарейканын соо калганына күнөм болсоңуз, аны кайра

пайдалануудан мурда кызмат ишканасына

жарамдуулугун текшерүүгө алпарыңыз. Иштен чыккан

зарядоо бөлүкчөнү же батареяны эч качан колдонбоңуз.

Аларды кичинекей балдардан алыс кармаңыз.