Nokia 1616 - Жалпы маалымат

background image

Жалпы маалымат
Сиздин аппаратыңыз жөнүндө
Бул колдонмодо сүрөттөлгөн зымсыз аппарат EGSM 900

жана 1800 МГц тармактары гана колдонууга бекитилген.

Тармактар жөнүндө кошумча маалымат үчүн тейлөө

кызматына кайрылыңыз.

Эскертүү:

Аппарат жандырылбаган кезде ойготкучтан бөлөк

функцияларын пайдаланууга болбойт. Зымсыз

аппаратты колдонуу тоскоолдук же коркунуч алып келе

турган жагдайда иштетпеңиз.

Бул аппаратты пайдаланууда баардык мыйзамдарга

баш ийиңиз жана жергиликтүү салттарды, башка

адамдардын жекелигин жана мыйзамдуу укуктарын,

анын ичинде автордук укуктарды сыйлаңыз. Автордук

укуктар сүрөттөрдү, обондорду жана башка нерселерди

көчүрүүдөн, өзгөртүүдөн, таркатуудан сактоосу мүмкүн.

Сиздин аппаратыңызда сакталган маанилүү

маалыматтардан камдык сактоосун жасап, же кол жазма

түрүндө көчүрмөсүн сактап жүрүңүз.

Башка аспапка туташууда, пайдалануучунун

колдонмосун толукталган коопсуздук көрсөтмөлөрдү

алууга, окуп чыгыңыз. Туура келбеген продукттарды

туташтырбаңыз.

Бул колдонмодогу сүрөттөрдүн жана сиздин

аспабыңыздан чыккандын ортосунда биз аз айырмасы

болушу мүмкүн.

Тармак кызматтар
Телефонду колдонуу үчүн сизде зымсыз байланыш

кызматынан тейлөө болушу керек. Кээ бир функциялар

баардык эле тармактарда боло бербейт; башка

функцияларды пайдалануудан мурда сизге тейлөө

камсыздоочу менен атайын макулдаштык кылуу керек

болот. Тармак кызматтардан пайдалануу маалымат

берилиш түрүндө өтөт. Кызмат тейлөөчүңүз менен үй

тармактын жана башка тармактарда болуудагы акы

төлөө маалыматын тактаңыз. Сиздин кызмат

тейлөөчүңүз кандай акылар кошулаарын айтып берет.

Сизди кызмат тейлөөчүңүз белгилүү бир функцияларды

иштен чыгарып же активдештирбей коюуну сурап

калышы мүмкүн. Эгер андай болсо, мындай функциялар

сиздин аппаратыңыздын менюсунда болбойт. Сиздин

аспабыңызда меню аттары, меню ирээти жана

сүрөтчөлөргө окшогон нерселер алдын ала жөндөлгөн

болушу мүмкүн.

Колдоо көрсөтүү
Качан сиз, өндүрүмүңүздү кандайча колдонуу керектиги

тууралуу көбүрөөк билгиңиз келсе же телефонуңуз

кандайча иштеши керектигин билбесеңиз, анда

www.nokia.com/support колдоо барактарын көрүңүз же

жергиликтүү Nokia вебсайтына же мобилдик телефон

аркылуу www.nokia.mobi/support кириңиз.

Эгерде бул көйгөйүңүздү чечпесе, кийинкини аткарыңыз:

Телефонду кайрадан иштетиңиз: телефонду

өчүрүңүз, анан батареяны алып салыңыз. Бир

мүнөт убакыттан кийин, батареяны ордуна

салыңыз жана телефонду иштетиңиз.

Колдонуучу жолдоочусунда түшүндүрүлгөндөй,

баштапкы заводдук орнотууларды калыбына

келтириңиз.

Эгерде көйгөй чечилбесе, анда оңдоо жолдору

тууралуу Nokia 'га байланышыңыз. www.nokia.com/

repair веб барактарын көрүңүз. Телефонуңузду оңдоого

жөнөтүүдөн мурун, ар дайым анын ичиндеги

маалыматыңыздын резервдик көчүрмөсүн жасаңыз.